«Кырызкөмүр» мамлекеттик ишканасында көмүрдү өндүрүүнүн көлөмүн аз көрсөтүү менен көмүр уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ишкананын жетекчилиги пайда көрүү максатында «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн. Кийинчерээк чийки заттар көзөмөлдөгү компаниялар аркылуу ар кандай керектөөчүлөр, анын ичинде Бишкектеги ЖЭБге сатылган.
Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына болжол менен 600 млн. сомдук 370 миң тоннадан ашык аз көрсөтүлгөнү аныкталган.
2021-жылдын 03-августунда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашинбаев жана «Кара-Кече» филиалынын бухгалтери «Д.Р.Э.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.