Кыргызстандык суучул Владислав Шулико дүйнөлүк рекордду жаңылоого бет алды. Бул тууралуу кабарчыбыз Нуржан Султанбекова билдирет.
Анын айтымында, 24-августтан тарта Ысык-Көлдө спорттук марафон старт алат. Алардын арасында Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейин 181 чакырым аралыкка сууда сүзүү марафону камтылган.
Бул спорттук иш чарага биринчилерден болуп Кыргызстандык суучул Владислав Шулико катышып, эч кандай жардам берүүчү буюмдарысыз 4 күн аралыгында сууда сүзүп өтөөрү пландалууда. Аталган спорттун түрүнө Президент да өз колдоосун көрсөтүүдө.
Эскерте кетсек, дүйнөлүк рекорд 180 чакырымда токтогон, ал эми Шулико рекордду жаңылоону көздөөдө.