7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Азербайжан спутниктеринин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга кызыкдар

265
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжанга болгон жумушчу сапарында кыргыз тарап азербайжан спутниктеринин мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып, кызматташууга ынтызарлыгын билдирди. Бул тууралуу Азеркосмос агенттиги жазды.
Өкмөттүн маалымат кызматы Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 6-жыйыны өткөнүн кабарлады.
Кыргыз делегациясын Төрөбаев, ал эми Азербайжандын делегациясын аталган өлкөнүн премьер-министринин орун басары Самир Шарифов жетектеген.
Ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү, айыл чарба жана өнөр жай продукциясын түз жеткирүүлөрдү кеңейтүү боюнча макулдашуу болгон.
Биргелешкен долбоорлорду колдоонун негизги финансылык инструменти катары Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун негизги ролу айтылды.
266