Быйыл Кыргызстан кант кызылчасынан өндүрүлгөн кумшекер менен өзүн-өзү толук камсыздай алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылдан калган запас жана быйылкы түшүмдүн негизинде шекер жетиштүү.

“Былтыр жалпы кант кызылчасынын түшүмүн 957 миң тонна көлөмдө алганбыз. Бул рекорддук көрсөткүч. Быйыл түшүм азырак болуп, бир гектарына 380-450 центнерге чейин айланып жатат. Былтыр ушул эле көрсөткүч 600 центнерден өйдө болгон. Бул аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана таасирине байланыштуу болууда”,- деди министрликтин өкүлү.

Ошондой эле Чүй өрөөнүндө ушул жуманын ичинде кант кызылчасынын акыркы аянттарында түшүм жыйналып бүтөөрүн маалымдады.