29-мартта Бишкектеги № 33 мектеп-гимназиясында Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан белекке берилген мектеп автобусунун салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарада «Атам жөнүндө баян» аттуу китебинин кыргызча басылышынын презентациясы жана «Бауыр» даректүү тасмасы дагы көрсөтүлдү. Бул саамалык Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы бир туугандык байланыштарды дагы да бекемделишине шарт түзүүдө.
Соңунда конокторго ооз ачар уюштурулду.