7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору жолукту

783

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев Казакстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 23-сентябрда Нур-Султан шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин отурумунун алкагында өткөн.

Зулушев казак кесиптеши Гизат Нурдаулетов менен болгон жолугушууда  Прокуратура органдарынын маалымат системасын өркүндөтүү максатында заманбап технологияларды колдонуу жаатында тажрыйба алмашууну, эл аралык кызматташууну күчөтүү боюнча сүйлөшкөн.

Ошондой эле Өзбекстандын башкы прокурору Н. Йулдашев менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратураларынын 2022-2023-жылдарга багытталган эки мамлекеттин прокурордук-тергөө органдарынын кызматкерлеринин кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө Программасына кол коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784