Орусияда 17-19-сентярбрда өткөн шайлоо уткан бийликчил «Единая Россия» партиясы Мамлекеттик Думадагы 450 мандаттын ичинен 324үн алат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова билдирди.
Экинчи орунду ээлеген Коммунисттер партиясы 57 мандат, «Акыйкатчыл Орусия — Чындык үчүн» — 27, Либерал-демократтар партиясы — 21, «Жаңы адамдар»— 13 мандат алат.
Ошондой эле дагы үч партияга жана өз алдынча талапкерлерге 8 мандат бөлүштүрүлүп берилет.
Эске салсак, «Единая Россия» партиясы менен кыргызстандык Кубанычбек Кожоев да аттанган. Азырынча ага мандат жетеби же жокпу, аныктала элек. Бирок, алардын партиясынын көпчүлүк добушка ээ болгондугунун өзү, мекендешибиз Госдумадан ордун табат дегенге үмүт жаратат.
Россиядагы мекендештер Госдумага депутаттыка аттанган Кожоевди колдоо акциясын өткөрүүдө