7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Кытайга кургатылган өрүк экспорттоп баштады

306

Кыргызстандан Кытайга кургатылган өрүктүн алгачкы 23 миң кг партиясы ийгиликтүү жөнөттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Кытайга кургатылган өрүктү киргизүүгө уруксат алынган. Андан соң кыргыз ишканасы Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын CIFER маалыматтык системасында ийгиликтүү каттоодон өттү.

Продукцияны даярдоо учурунда бардык талап кылынган фитосанитардык процедуралар сакталган: лабораториялык сыноолор жүргүзүлүп, фитосанитардык сертификаттар берилген жана жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин жоктугу тастыкталган.

Бул Кытай рыногуна кыргыз продукциясынын жолун ачкан маанилүү кадам. Келечекте Кыргызстандын ишенимдүү соода өнөктөш катары позициясын чыңдоого өбөлгө түзөт.

307