7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Мээрим Жуманазарованын Ослодогу жеңишин коргоп кала алабы?

5017

Россия курама командасынын машыктыруучулары Мээрим Жуманазарованын жеңишине каршылыгын айтып, калыстарга кайрылаарын билдиришкен. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгууда.

Белгилүү болгондой, кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда,  68 килограмм салмактагы кыз-келиндер күрөшүнүн жарым финалында Россиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Орусиянын күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили Валиеванын жеңилгенин моюндабай, жарым финалдык беттешти тейлеген калыстарга каршы даттанаарын  ММКларга кабарлаган.

«Биз нааразычылык билдирип жатабыз. Акылсыздык менен чектелген одоно ката кетти. Таблодогу көрсөтмө боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу«, — деген Мамиашвили.

22 жаштагы Мээрим Жуманазарова Токио 2020 Олимпиадасынын коло байгесинин ээси. 

Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатта алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздаган.

Чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен беттешип 7:1 эсебинде жеңип алган. Жарым финалды Россиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Финалда япониялык балбан  Rin Miyaji менен күрөшөорү күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5018