7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Азербайжан миграция жаатында кызматташат. Мыйзамга кол коюлду

368

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Аталган макулдашуу менен Кыргызстан жана Азербайжандын миграция, бир тараптын мамлекетинин экинчи тараптын мамлекетинин аймагында болгон жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык маалымат жана тажрыйба алмашуу жаатында өз ара кызматташуу каралган.

369