7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Казакстан чек арада токтоп турган жүк ташуучу унаалар маселесин талкуулады

565

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Кыргызстандын аймагынан Казакстанга жана Россия Федерациясына багыт алган жүк ташуучу унаалардын токтоп тургандыгы боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айынын соңунда видеоконференцбайланыштын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар толук көлөмдө ишке ашырылбай жатат.

«Биз коштоочу документтери туура эмес, же документи такыр жок болсо, казак тарап мындай унааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө», — деди Арзыбек Кожошев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кошумчалагандай, келишимдер бир жактуу аткарылбай жаткан болсо, биздин эки тараптуу мамилелерибизге кесепети тиет.

Маселени тыкыр талкуулоодон соң, 19-апрелде казак тарап менен эки өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы токтоп турган жүк ташуучу унаа каражаттарынын маселесин чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алуу үчүн видеоконференцбайланыш режиминде кеңешме өткөрүү чечими кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566