7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Казакстандын премьерлери Кордайда жолугушту

709

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйыны алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу өз-ара аракеттешүү жана кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Казакстан Республикасына жакын арада жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Белгилесек, жолугушуу Кордай айылында (Казакстан Республикасы) өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710