Өкмөткө 2021-жылдын 1-майына чейин электрондук ID-карта, электрондук айдоочулук күбөлүк, транспорттук каражаттарды катоо тууралуу электрондук күбөлүк түрүндөгү санариптик документтерди ишке киргизүү сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган чаралар мамлекеттин жарандар менен өз-ара аракеттешүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүүгө жана аларды Мамлекеттик электрондук тейлөө порталына жайгаштырууга багытталган.
Өз кезегинде Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) санариптик электрондук документтерди ишке киргизүү боюнча иш алып барууда жана жакын арада мобилдик тиркемени ишке киргизүү пландаштырылууда. Аталган тиркемеде 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүк сыяктуу үч негизги документтин электрондук версиялары болот.
Мобилдик тиркемени ишке киргизүү үчүн укуктук негизди иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Санариптик документтердин реестри жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук ID-карта, электрондук айдоочулук күбөлүк жана транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүктү ишке киргизүү жаатында) токтом долбоору иштелип чыккан жана макулдашууда турат.