7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокенде өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

473

Ноокен РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана ЖКККБ кызматкерлери өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Шайдан жана Масы айыл аймактарында мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, аларга жол эрежелерин сактоо керектиги эскертилген.

«Жолдо жүрүүдө этият болуп, ар түрдүү кырсыктардан алыс болуу зарылдыгы жеткирилди. Милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан оолак болууга үндөшүп, мыкты билим алууга чакырышты. Жол кырсыктарын алдын алууга багытталган атайын колдонмо баракчалар иштелип чыгып, жашы жете элек өспүрүмдөргө таратылды. Кылмыштуулукка бөгөт коюу жана жол эрежелерин үйрөтүү багытындагы түшүндүрүү иштери алдыда башка айыл аймактарда дагы улантылмакчы», — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

474