«Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон «Ворух» анклавына учуп өтүү үчүн Кыргызстанга расмий нота жөнөткөн эмес», — дейт акыйкатчы Турсунбек Акун. Ал бул тууралуу «7tv.kg» сайтына билдирди.
Анын айтымында, суверендүү мамлекеттин президенти Эмомали Рахмон коңшу өлкөлөрдүн баалуулуктарын сыйлоого тийиш жана Кыргызстанга тиешелүү аймактан уруксаты жок учуп өтө албайт.
Ошондой эле ал буга чейин Тажикстандын экс-министри Хамрохон Зарифинин: «Ворух — эч качан анклав болгон эмес!», — деген билдирүүсүнө жооп катары: «Ворух анклавы тууралуу эки өлкөнүнүн комиссиясы түзүлүп, учурда каралып жатат. Ворух — бул анклав. Ал антип ойлоп жатса бул анын оюу, бирок биздин пикирибиз боюнча анклав! Ворух өзү байыртадан эле кыргызга тиешелүү жана кыргыздар байырлап келген. Кыргызстандын аймагына кирип турган ортодогу талаштуу жер. Ошол жерди чечишип алалы деген маселе болуп жатат. Ташиев бул жерди басып алалы деген жок, ал сунуш киргизди», — дейт ал.
Акыйкатчы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 7-апрель күнү Баткендеги «Ворух» анклавына келүүнү пландап жатканын кошумчалап: «Ал мекендештерине келүү үчүн Кыргызстандын аймагынан учуп өтөт. Буга ылайык Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызстанга расмий нота жөнөтүшү керек болчу. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес», — деген пикирин билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram