7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Монголиянын президенттеринин расмий жолугушуусу өттү

444

Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаровдун кортежи «Сухэ-Батор» аянтындагы Мамлекеттик сарайга келди, ал жерде аны Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тосуп алды.

Аянтта Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери желбиреп, Монгол империясынын биринчи Улуу ханынын жеке гвардиясынын кийимине стилдештирилген параддык формадагы атчандардын отряды тизилип турду.

Өлкө лидерлери салам алышкандан кийин улуттук костюмчан балдар жогорку даражалуу коноктор менен учурашып, аларга гүл тартуулашты.

Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен чогуу сүрөткө түштү, Ардактуу кароолдун ротасынын командиринин саламдашуу рапортунан кийин Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Садыр Жапаров монгол туусун жана Ардактуу кароолду «Салам, аскер!», деп саламдашты.

Өлкө лидерлери Кыргызстандын жана Монголиянын расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып өттү, ошондой эле Монголияда орун алган дипломатиялык корпус менен учурашты.

Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен бирге Чыңгызхандын эстелигине таазим кылууга бет алышты.

Андан кийин Мамлекеттик сарайда Президент Садыр Жапаров ардактуу меймандардын китебине Монголия элине эң жакшы каалоо-тилектери менен эстелик жазуу калтырды, андан соң мамлекет башчыларынын жубайлары менен бирге сүрөткө түшүүсү болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери жубайлары менен эки тараптуу жолугушуу залына өтүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

445