7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россия ортосундагы Абадан коргонуу системасы ратификацияланды

508

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы КР жана РФнын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 11-октябрында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам аталган Макулдашуунун күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткарууга багытталган.

Тараптар региондогу абадан кол салуудан коргонууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүшөт, ал Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин абадан кол салуудан коргонуунун бириккен системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда абадан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жогорулатат.

Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын Россия менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун тастыктайт жана эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук жаатында мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

509