7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Түркия билим берүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

321

Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түрк дүйнөсүнүн муниципалдык бирлигинин башкы катчысы Фахри Солак менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча жумушчу кесиптер боюнча адистерди даярдоо, өндүрүш менен айкалышкан билим берүү системасын өнүктүрүү жана билим берүү уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерине көңүл бурулду.

Кендирбаева Түркияда адистерди даярдоо системасы жакшы жолго коюлганын белгилеп, бул багытта кыргыз тарап тажрыйба алууга кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле ал азыркы шартта билим берүү тармагындагы байланыштарды күчөтүү маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жумушчу кесиптер багытында кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашты.

322