7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлери Анталияда жолугушту

745

Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджа менен жолугушту.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев Анталияда өтүп жаткан «HIMSS EURASIA — 2021» санариптештирүү боюнча эл аралык конференцияга катышууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз-түрк достук ооруканасы Бишкек шаарындагы медициналык тез жардам көрсөтүүчү саламаттыкты сактоо уюмдарынын тизмесине кошумча түрдө киргизилип, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды тез жардам линиясы аркылуу кабыл алуу чечими кабыл алынды.

«Бул калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат, зарыл болгон учурда мындай бейтаптар дароо ангиографиялык текшерүүдөн өтүп, стент коюу операциясынан өтүшөт», — деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

746