7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Түркмөнстан маданий кызматташтыгын чыңдайт

286

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарында өткөн маданий иш-чараларга катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чаралардын жүрүшүндө салбуурун улуттук аңчылык өнөрүнүн элементтери жана кыргыз ат оюндары көрсөтүлдү.

Сапардын алкагында министр Мирбек Мамбеталиев Түркмөнстандын маданият министри Атагелды Шамурадов жана «Туркменатлары» мамлекеттик бирикмесинин жетекчиси Ахмет Бердыев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар маданият жана гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулады.

Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Түркмөнстанды ушул жылы 15-18-июнда Ош шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн ART EXPO эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырды. Бул иш-чара маданият жана искусство тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүүчү аянтча болуп, гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

287