7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда маалыматтык көпүрө курулууда

29

Тажикстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстанга таанышуу сапары менен келди.

Сапар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тарабынан маалыматтык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында уюштурулган.

Бул сапар кесиптик тажрыйба алмашуу гана болбостон, Кыргызстан менен Тажикстандын боордош элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, ынак коңшулукту жана ишенимди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Өлкөдө болуу учурунда тажик журналисттери Кыргызстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле улуттук каада-салттар, этнотуризмдин элементтери, жаратылышы кооз жерлер жана Кыргызстандын меймандос атмосферасы менен таанышууну камтыган маданий программага катышат.

Мындай демилгелер биздин өлкөлөрдүн медиа коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда бекем кесиптик жана адамдык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле гуманитардык жана маалыматтык тармактарда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Ушуга окшогон долбоорлор буга чейин Казакстандын жана Өзбекстандын журналисттери менен ишке ашырылган.

30