7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жөнүндө келишим ратификацияланды

287

Президент Садыр Жапаров  “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” КРнын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам кыргыз-тажик Мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн аныктоо максатында жана 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы келишимди таануу жана ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Мамлекеттик чек ара боюнча келишимдик-укуктук жана ченемдик-укуктук базаны түзүү туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган, эки мамлекеттин жарандары үчүн, өзгөчө чек арага жакын аймактардагы жарандар үчүн жагымдуу шарттарды, ошондой эле мындан аркы эки мамлекеттин ортосундагы натыйжалуу социалдык, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкка өбөлгө түзөт.

288