7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Парижден кайтып келген оюнчуларды салтанаттуу тосуп алды

403

Парижде өткөрүлгөн ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарына катышкан Кыргыз Республикасынын олимпиадалык курама командасы “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келишти.
Бул жолку оюндар Кыргызстан тарыхындагы эң ийгиликтүү Олимпиада болуп калды. Тагыраагы командадагы спортчулардын санына карата жеңип алган медалдардын эсеби боюнча Кыргызстан катышкан мамлекеттердин рейтингинде биринчи орунду ээледи.

Команданын курамында өлкө намысын коргогон, эл аралык аренада эң жогорку спорттук чеберчиликти жана эрдикти көрсөткөн 16 спортчу болду.
Эл аралык аэропорттон спортчуларды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов салтанаттуу тосуп алышты. Ошондой эле концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, Парижде өткөрүлгөн жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынын олимпиадалык курама командасы өз оюнун 6 медал менен жыйынтыктады: 2 күмүш медалды бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу жана кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча турнирде Мээрим Жуманазарова алса, ал эми 4 коло медалды балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков тагынышты.

 

 

404