7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Россияга кийим тиккен алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди

224

Кыргызстан акыркы жылдары өндүрүштүн ар тармагындагы иштери менен дүйнөлүк жана аймактык рынокто өз ордун чыңдап жатат. Бул тууралуу Артём Новиков соц.тармактагы баракчасына билдирди.

Россиянын мода индустриясындагы алдыңкы PROfashion журналынын маалыматы боюнча Кыргызстан россиялык кийим бренддерин тиктирүүгө буйрутма жайгаштырган алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди.

«Негизги лидерлер катарында бизден башка Кытай, Түркия, Беларус жана Вьетнам көрсөтүлдү. Мындай рейтингге кирүү өлкөнүн жеңил өнөр жайындагы чоң ийгилиги десек туура болот. Дүйнөлүк бренддердин буйрутмалары көбөйүп, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүп, кыргызстандык өндүрүшчүлөрдү сырткы рынокто ишенимдүү өнөктөшкө айлантууда.

Дегенибиз, жетишкендиктер туш келди болгон жок. Президент Садыр Жапаров жетектеген бийлик бизнеске ыңгайлуу шарт түзүп, салыктын жеңилдетилген режимин киргизип, өндүрүштү кеңейтүүгө, инвестиция тартууга шарт түзүп, инфраструктурадан тартып энергетикага чейинки реформалар менен коштоп берүүдө. Мындан сырткары, мамлекеттик программалар жана атайын фонддор, анын арасында Россия-Кыргыз Өнүгүү фонду аркылуу да колдоо көрсөтүлүп, ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат. Натыйжада Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү жолуна түшүп, ишкерлер менен бийликтин кызматташуусу эл аралык рейтингдерде өз ордун бекемдеп жатат», — деди Новиков.

225