7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Россиянын Кабулдагы элчилигинин жанында болгон террордук актыны айыптайт

618

Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын Кабулдагы Элчилигинин жанында болгон террордук актыны айыптайт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тынч жашаган калкка, чет элдик дипломаттарга каршы багытталган ар кандай террордук актылар тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек.

Кыргызстан кандай гана формада болбосун терроризмге жана экстремизмге каршы ырайымсыз күрөштү колдой турганын ырастайт жана бул маселеде бүткүл эл аралык коомчулуктун координациясын мындан ары да күчөтүүгө чакырат.

КРнын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

619