7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө кызыкдарбыз

440

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды.

Белгилей кетсек, «Альфа Телеком» жабык акционердик коому КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди жана Бишкек шаарында бешинчи муундагы технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн ачты.

Министрлер кабинетинин башчысы павильондо санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, анын ичинде 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты.

Акылбек Жапаров республикада 5G технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган тармактарды жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта олуттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл», — деди ал.

5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

441