7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта эркек кишини ур-токмокко алып, тоноп кетишкен шектүүлөр кармалды

593

Сокулукта 25 жаштагы эркек кишини ур-токмокко алып, тоноп кетишкен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-август күнү Сокулук райондук милициясына 1995-жылы туулган К.М. аттуу жаран денесиндеги жаракаттар менен Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборуна түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.

Белгисиз эки адам түн ичинде жабырлануучуну унаага салып Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барып, денесине залал келтирип, акча каражатын алып качып кетишкен.

Аталган окуя КЖКнын 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, натыйжада кылмышка шектелип 1991-жылы туулган М.Д. жана 1992-жылы туулган К.М. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594