Өлкө башчы Садыр Жапаров Кадамжайдагы жашы жетелек кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча билдирүү калтырып, бул иш жеке көзөмөлүмдө болоорун билдирди.
«Урматтуу мекендештер!
Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти.
Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес. Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда. Урматтуу агайын-туугандар! Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот»,-деп жазган президент.
Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну малын багып жүрүп, сел өтүүчү тюнелдин ичинде белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын көрүп, 112 кызматына кабар берген. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталган.
Шектүүлөр учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.