7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдердин маянасы азыркы деңгээлинде сакталабы? Министрликтин жообу

738

Сентябрынан айынан тартып, мугалимдердин тарифтик ставкасы азайтылат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, педагогикалык персоналдын эмгек акысы 80%, административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50%, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80%га жогорулатылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгегине акы төлөө шарттары ставкага (оклад) өткөрүлдү. Ошондой эле тарифтик ставканы (оклад) эсептөө үчүн негиз болуп саналган эң төмөнкү базалык ставка белгиленди.

Тарифтик ставка (оклад) эң төмөнкү базалык ставканын өлчөмү окладга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-сентябрынан баштап мугалимдердин эмгек акысын эсептөө азыркы Жарлыкка ылайык сакталат. Ал эми сентябрынан айынан тартып, мугалимдердин тарифтик ставкасы азайтылат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739