Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жашы жетелек кыздын ата-энеси кызы менен акыркы жолу качан сүйлөшкөнү тууралуу айтып беришти.
«Менин жалгыз кызым бар эле. Мектепти жакшы окуучу. Зөөкүрлөрдү аткыла же элге бергиле. Биз өзүбүз жасайбыз. Бул окуяга үч күн калганда кызым менен сүйлөшкөн элем. «Окуп жатамын, баары жакшы деген»,-деди кыздын атасы.
Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталган.
Шектүүлөр учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
(Видео турмуш басылмасынан алынды)
Посмотреть эту публикацию в Instagram