Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын ата-энеси кызы менен акыркы жолу качан сүйлөшкөнү тууралуу айтып беришти.
«Өлүм жазасын берсин ! Элдин алдына салып, үчөөнү тургузуп менин көзүмчө атсын! Менин жалгыз кызымды жеп коюшту. Акыркы жолу кызым менен 2 күн мурун сүйлөшкөм. Кызым «пирог бышырып жатам интернеттен көруп апа»,- деп мага көргөзгөн. Кызымды өлтүрбөй эле жөн эле таштап коюшса болот эле да…»,-дейт кыздын апасы.
Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталган.
Шектүүлөр учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
(Видео турмуш басылмасынан алынды)
Посмотреть эту публикацию в Instagram