7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери Худжанд чебине барышты

326

Бүгүн, 31-мартта президент Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Худжанд чебине барышып, анда бир катар маданий иш-чараларга, анын ичинде элдик кол өнөрчүлүктүн, айыл чарба азыктарынын жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүнө катышты.

Мамлекет башчыларынын салтанаттуу жолугушуусу чептин дарбазасынан башталды, аларды улуттук кийимчен кыздар тосуп алып, меймандостуктун белгиси катары нан жана балдан ооз тийгизди. Нооруз майрамына карата алар кыргыз, тажик жана өзбек тилдеринде ыр айтып беришти. 

Сепилдин кире беришин чоң казандагы Нооруздун салттуу символу болгон сүмөлөк кооздоп турду. Президенттер чогулгандарды бул жаркын майрам менен куттуктап, майрамдык иш-чараларды баштап берди.

Андан соң мамлекет башчылары көргөзмө павильондоруна бет алышып, үч өлкөнүн экспозицияларын, ошондой эле фольклордук-этнографиялык жамааттардын аткарууларын көрүштү. Ал жактан нары алар Тажикстандын бардык аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн продукциялары коюлган элдик кол өнөрчүлүк аллеясына өтүштү. 

Андан соң гид мамлекет башчыларын музейдеги экспонаттар, тажик элинин бай тарыхы жана маданияты менен тааныштырды. Музейди кыдыргандан кийин лидерлер улуттук тамактардын көргөзмөсүнө барышты. 

Программанын соңунда чептин короосунда уюштурулган театралдаштырылган концерт көрсөтүлдү.

327