7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан жана Бутан глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүүнү талкуулашты

0

20-22-апрелде Бутан Падышалыгында тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууну чыңдоого багытталган “Тоолор бириктирет” (Mountains Connect) аттуу экинчи аймактар аралык жумушчу сессия өтүүдө.

Иш-чарага Альп, Анд, Борбордук Азия, Кавказ, Карпат, Чыгыш Африка жана Гиндукуш–Гималай өңдүү чөлкөмдөрдү камтыган 25тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Талкуунун борборунда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, башкаруу механизмдерин өркүндөтүү, ресурстарды мобилизациялоо, ошондой эле илим менен саясаттын өз ара байланышын чыңдоо маселелери турат.

Сессиянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова катышууда.

21-апрелде Динара Кемелова Бутан Падышалыгынын Премьер-министри Церинг Тобгай менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Атайын өкүлү Бутандын Премьер-министри Церинг Тобгайга Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун тапшырды. Анда эки жактуу жана көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлык ырасталып, ошондой эле “Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакыруу камтылган.

Бутандын Премьер-министри Кыргызстандын Президентинин глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү олуттуу салымын белгилеп, бул багыттагы иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар тоолуу экосистемаларды коргоо жана тоолуу аймактардагы калкты колдоо боюнча жалпы умтулууларын тастыкташты.

Ошондой эле Бутан Падышалыгынын тышкы иштер министри Лёнпо Д.Н. Дхунгьел менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. БУУнун, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын жана башка эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташуунун конструктивдүү өнүгүүсү, ошондой эле эки өлкөнүн мамилелериндеги ыкмалардын жакындыгы жана артыкчылыктардын шайкештиги белгиленди.

Бутандын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Гем Церинг менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө гидроэнергетика, тоо экосистемаларын сактоо, анын ичинде ак илбирсти коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын келечеги, ошондой эле тоо калкынын климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине карата аярлуулугун төмөндөтүү чаралары талкууланды.

Бутан тарап “Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга жана глобалдык тоо күн тартибин эл аралык аренада мындан ары биргелешип илгерилетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

1