7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан «жогору» өнүккөн өлкөлөр тобуна кирди

551

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына Кыргызстан «жогору» өнүккөн өлкөлөр тобуна киргенин билдирди. 

«Кымбаттуу мекендештер! Сүйүнчү! Жаңы эле БУУ Адамзат Өнүгүү Индекси жарыяланды. 2022-жылдын жыйынтыгы менен биз бир орун өйдө көтөрүлүп, 193 мамлекеттен 117-орунду ээледик. Бирок эң негизгиси, 0,701 упай (мурда 0,692 болчу) менен «жогору» өнүккөн өлкөлөр тобуна кирдик! Буга чейин, биз орто онүккөн мамлекет болчубуз. Бул башталышы эле, албетте, анткени азыр бир жыл мурдагы статистика гана эске алынууда. Акыркы жылдын ийгиликтери камтыла элек. Буюрса, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшкөнү эл аралык аренада көрүнө баштады. Албетте, 117- орун биз үчүн өтө эле төмөн. Өнүгүүнүн жолу оор. «Жакшы болуш аста аста» дейт эмеспи, ынтымак болсо жергебизде, бай мамлекеттердин катарына кошулуу — өзүбүзгө эле көз каранды»,- деди Байсалов.

 

 

552