7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 25 миллионго жакын мал эмдөөдөн өттү

339

2023-жылдын 12 айында республика боюнча 24 млн 762,9 миң баш малга эмдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтан билдиришти.

Анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр 1 млн 209,6 миң башка, алдын ала эмдөөлөр 22 млн 955,4 миң башка, дегельминтизация 597,9 миң башка, же болбосо 2023-жылга бекитилген план боюнча 100% аткарылды.

Белгилей кетсек, 12 айда республиканын аймагында 86 жугуштуу ыландын очогу катталган, алар: кутурма ыланы – 36, ИММ сибирь жарасы – 2, пастереллезу – 2, бруцеллезу – 2, жылкылардын пастереллезу – 1, кээңги ылаңы – 14, кой-эчкилердин сальмонеллезу – 1, брадзоту – 7, листериозу – 4, пастереллезу – 10, бруцеллезу – 4, хламидиоз – 1, энтеротоксемия — 2.

Жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга карантин, чектөөлөр коюлуп, инструкцияга ылайык ветеринардык-санитардык иш чаралар жүргүзүлдү.

 

340