Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана «Куран Ордо» диний уюму алгачкы жолу кыз-келиндер аралык «Куран жазы» аттуу Республикалык Куран жарышын жарыялайт.
Жарыш Курандын 15 жана 30 параларынан жатка окуу боюнча болуп өтөт. 22-декабрь аймактарда тандоо туру уюштурулуп, жеңүүчүлөр финалга жолдомо алышат.
Ал эми, финал 26-декабрь жекшемби күнү «Имам Сарахсий» атындагы мечитте саат 09:00дө башталат.
- Байгелер: 3 умра сапарына жолдомо, кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар.Кирүү акысыз, айымдар үчүн гана эшик ачылат.
- Байланыш үчүн: 0770644438, 0777879501,0505286818
- Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү №264
- Конкурс имам Сарахси мечитинин жамаатындагы сооп үмүт кылган мекендештердин демөөрчүлүгү менен уюштурулууда.