7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Чет өлкөгө иштеп кеткен медкызматкерлерди тартуу үчүн айлыкты көтөрөбүз…

713

Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында болду.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун калкына адистештирилген медициналык жардам көрсөткөн медициналык мекеменин жаңы имаратын, палаталарын жана операция жасоочу бөлүмүн көрүп чыкты.100 жатак орунга эсептелген жаңы корпуста төрт бөлүм бар. Бул жаак-бет, ЛОР, көз жана урология бөлүмдөрү.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жамааты менен жолугушуп, баарлашты.

Ал эки жылдан бери эч нерсеге карабай коронавирус менен күрөшүп келе жаткан медицина кызматкерлеринин талыкпаган эмгегин белгиледи.

«Оорулардын саны менен күнүмдүк статистиканын азайып жатканы кубандырат – 40-50дөй учур. Биз сиздердин эмгегиңиздерди баалайбыз, сиздерсиз бул ооруну жеңе албайбыз. Акыркы эки жылда коронавирус биздин медицинанын абалын, эмненин үстүндө иштөө керектигин, эмне жетишпей жатканын көрсөттү. Ошондуктан, колубуздан келишинче ооруканалардын жаңы имараттарын, айылдарда ФАПтарды куруп жатабыз. Албетте, бардыгын бир заматта жасап салгың келет. Бирок, бүгүнкү күндө мамлекеттин андай мүмкүнчүлүгү жок. Акыркы 10 жылда биз артка кеттик. Эми гана бутубузга туруп жатабыз, өлкө бюджети профицит менен чыкты. Бизди жаңы басып жаткан балага салыштырса болот. Бизди жакшы келечек күтүп турат», — деп ишендирди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бул жаатта кадрлардын жетишсиздигине, өзгөчө айылдарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигине токтолду. Көпчүлүгү айлык маянанын аздыгынан чет өлкөгө иштегени кеткен. Мамлекет кетип калгандарды мекенине кайтаруу үчүн айлык акыны дагы жогорулатууну пландаштырууда.

Президент белгилегендей, келерки жылы бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда. Ал ошондой эле турак-жай менен камсыз кылуу маселесине токтолду. Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекеттик ипотеканы жеңилдетилген шартта берүү маселеси каралат.

Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашуу учурунда “Ден соолук кербени” көчмө медициналык комплекстери бажы жол-жоболорундагы көйгөйлөрдөн улам аймактарга чыга албай жатканы белгилүү болду.

Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров облустагы көчмө медициналык комплекстердин мындан аркы иштеши үчүн бардык бажы процедураларынан өтүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун тургундарына жалпысынан 418 мекеме медициналык жардам көрсөтүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714