7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды

521

Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдирет.

Бүгүн Республикалык жыйын пунктунда чакыруучуларды анык аскердик кызматын өтөөчү жерлерге узатууга арналган биринчи аскерге жөнөтүү иш-чарасы болду. Ага Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, “Жоокерлердин энелери” республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, чакыруучулардын ата-энелери жана жакындары катышты.

Узатуу аземдери республиканын башка жыйын пункттарында дагы уюштурулууда. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин кошуундары менен бөлүктөрүндө кызматтарын өтөшөт.

18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакырылган курактагы кыргызстандыктар чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү. Аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок.

Чакыруу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин улантылат.

522