7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Кытайдын жазуучулар уюмдары кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду

241

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев менен Кытай Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн баштаган делегациянын жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн башкы адабий уюмдарынын ортосунда расмий кызматташуу келишимине кол коюлду.

Макулдашууга ылайык, тараптар заманбап калемгерлердин чыгармаларын өз ара которуу, биргелешкен адабий долбоорлорду ишке ашыруу жана жазуучулардын тажрыйба алмашуусу үчүн иш сапарларды уюштуруу боюнча кызматташат.

Тараптар бул келишим кыргыз-кытай маданий байланыштарын чыңдап, улуттук адабиятты эл аралык деңгээлде жайылтууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

242