7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдагы майрам: «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттери жабылат

231

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек араны убактылуу жабуу «Дуаньу» (Ажыдаар кайыктарынын майрамы) майрамын белгилөөгө байланыштуу Кытай тарабынан демилгеленген.

Чек арадан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү төмөнкүдөй тартипте убактылуу токтотулат:

«Эркечтам — автожол» өткөрүү пункту: 18-июнь күнү саат 22:00дөн баштап ишин убактылуу токтотот. Каттамдарды кайра жандандыруу 2026-жылдын 20-июнунда саат 08:00дө башталат.

«Торугарт — автожол» өткөрүү пункту: 19-июнь күнү толугу менен жабылат. Өткөрүү иштери 20-июнда саат 08:00дөн тарта калыбына келтирилет.

232