7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоголок кенинде курулуш башталды: Долбоор Кумтөрдүн эсебинен каржыланууда

229

Тоголок алтын кенинин башкы өндүрүштүк объектилерин куруу үчүн Кытайдын эл аралык China Nerin Engineering Co., Ltd. компаниясы башкы куруучу катары тандалды. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан билдиришти.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» башкармалыгынын төрагасы Канимет Токтосуновдун айтымында, ачык сынактын жыйынтыгында бул компания алтын ылгоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды, вахталык шаарчаны жана башка бардык инфраструктуралык объекттерди аягына чейин куруу үчүн тандалып алынган.

Аталган компания долбоорлоодон баштап, жабдыктарды жеткирүү, курулуш, монтаждоо жана объекттерди толугу менен пайдаланууга берүүгө чейинки бардык жумуштарды аткарат. Курулуш иштерин эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Ишкана жетекчилиги кытайлык компания объекттердин курулуш ишин гана аткара тургандыгын өзгөчө белгилейт

«Алар алтын казууга аралашпайт. Тоголок кенин иштетүүнү толугу менен «Кумтөр Оперейтинг Компани» өз күчү менен ишке ашырат. Тоголок кени долбоору толугу менен «Кумтөр Голд Компанинин» өз эсебинен каржыланууда, сырттан эч кандай чет элдик инвестиция же насыя алынган эмес. Кендин расмий бекитилген баланстык кору 19 тонна 928 килограмм алтынды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

230