7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда баңгизаттан жабыркаган 8,5 миң адам дарыланууда

942

Кыргызстандын наркологиялык мекемелеринде баңгизаттан  жабыркаган 8,5 миң адам жатат. Болжол менен 6 пайызы аялдар экенин 2020-жылдагы маалыматка таянып Улуттук статистика комитети жазды.

Маалыматка ылайык, баңгизат пайдалангандардын 61 пайызы инъекциялык ыкма колдонушат. Негизинен булар героинден көз каранды. 31 пайыздан ашыгы кара куурай чегет.

«Баңгизатты өлкөнүн бардык аймактарында колдонушат, бирок андан көз карандылардын көбү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жашайт. Мунун кесепетинен Чүй менен Бишкекте баңгизатка байланыштуу кылмыш дагы көп болот. Тагыраагы, былтыр анын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 110 кылмыш жана жорук катталса, алардын 23,2 пайызы Бишкекте, 22 пайызы Чүйдө болгон. Үчүнчү орунда Жалал-Абад облусу турат»,-деп берилет маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 26-июнь, Баңгизатка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. 1987-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишмердүүлүгүн чыңдоо жана баңгиликтен арылткан дүйнөлүк коомчулукту түзүү чечкиндүүлүгүнүн далили катары негизделген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

943