7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борбору ачылды

507

Бүгүн, 16-январда Атайын кызматтын жетекчилиги жана Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондженин катышуусунда УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун базасында Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборунун (SOC) ачылыш аземи болуп өттү.

SOCтун ачылышы Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болду. Борбор санариптик мейкиндикке күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтарууну камсыз кылган алдыңкы технологиялар менен жабдылды.

SOCтун негизги өзгөчөлүгү анын туташкан уюмдардын маалымат инфраструктурасын үзгүлтүксүз коргоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү болуп саналат.

Бул ыкма реалдуу убакыт шартында заманбап киберкоркунучтардан натыйжалуу коргоо куралын камсыз кылат.
Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен биргелешкен долбоордун алкагында Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун аркасында SOC ийгиликтүү ишке ашты.

SOCтун ачылышы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өлкөнү заманбап киберкоркунучтардан коргоону камсыздоо боюнча маселелерди ишке ашырууга умтулуусун баса белгилейт.

 

 

508