7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда пайдалуу курт-кумурскаларды өндүрүүчү биолаборатория ачылат

864

Кыргызстанда пайдалуу курт-кумурскаларды өндүрүүчү биолаборатория ачылат. Долбоор өлкөбүздүн айыл чарба тармагын химиядан органикага трансформациялоо максатында ишке ашып жатат.

Өсүмдүктөргө химия каражаттарын так ченемсиз, баш аламан берүүдөн улам айыл чарба азыктарынын сапаты жарандардын ден-соолугуна олуттуу зыян алып келүүдө. Мындан улам азыр айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоодо биологиялык каражаттарды кеңири колдонуу маселеси өзгөчө курч турат.

Айрым химия каражаттарына альтернативдүү чечим катары мындан ары өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо үчүн пайдалуу курт-кумурскаларды өндүрүүчү биолаборатория ачылат. «Бай Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борбору энтомофагдарды өндүрүүнү активдүү калыбына келтирип, фермерлерге аларды туура жана эффективдүү колдонууну үйрөтөт. Учурда Токмок шаарындагы агромаркеттеринин биринде сезондук биолаборатория курулуп жатат. 2023-жылдын февраль айынан баштап энтомофагдардын үч түрүн өндүрөт жана Чүй облусунун фермерлерин биоагенттер менен камсыз кылып баштайт. Кийинчерээк башка аймактарды камтыйт.

Өсүмдүктөрдү коргоо үчүн энтомофагдарды (жырткыч жана мите курт-кумурскалар) колдонуу зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн экологиялык жактан эң таза, экономикалык жактан пайдалуу жана келечектүү жолу болуп саналат. Энтомофагдарды колдонуу технологияларына талаптын жогорулашынын себептери – бул айыл чарбасында тез өнүгүп жаткан биологиялаштыруу жана азыркы учурдун заманбап жана абдан туура багыты – органикалык дыйканчылык.

Адистердин айтымында, энтомофагдарды ачык жана жабык кыртыштарда колдонуу ыкмасы эң жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Биолаборатория энтомофагдардын 3 түрүн өндүрөт.

1. Алтынкөз — 200дөн ашуун айыл чарба зыянкечтери менен азыктануучу жырткыч энтомофаг.
2. Трихограмма айыл чарбасында 60 тан ашуун зыянкечтин түрү менен күрөшүүдө колдонулуучу энтомофаг.
3. Габрабракон— айыл чарба өсүмдүктөрүнүн (пахта, беде, томат, жүгөрү, капуста ж.б.) гүлдөрүн, жалбырактарын жеп чоң зыян келтирген үкүчүлөрдүн бардык түрүнө каршы колдонулат.

1990-жылдарга чейин Кыргызстандын аймагында 70тен ашык биолаборатория, биофабрикалар түзүлүп, чарбалар аралык, райондук, облустук деңгээлде иш алып барган. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин көңүл бурулбай, агрохимикаттар көп ташылып келе баштаган. Учурда органикалык айыл чарба департаментинин өлкө аймагында 7 филиалы иштейт. Бирок, фермерлердин баарын пайдалуу курт-кумурскалар менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

865