7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Кыргызстанда жарым жылда 3 миңге жакын жол кырсыгы катталган

286

Кыргызстанда жарым жылда 3 миңге жакын жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Статистика комитети ЖКККББнын маалыматына таянып билдирди

Быйыл 6 айда былтыркыга караганда жол кырсыктарынын саны 1,3%га азайган. Жол кырсыктарынын көбү Бишкек шаарында (45%), Чүй (19%) жана Ош (10%) облустарына болгон.

Өлкөдөгү жол кырсыктарынын айынан 4,4 миң адам жабыркаган. Ал 2022-жылга караганда 2,2%га аз. Ошол эле учурда жолдогу кырсыктардын кесепетинен 269 киши каза таап, ал былтыркыга салыштырмалуу 8,5%га көп.

Балдардын катышуусу менен 820 жол кырсыгы болуп (2022-жылга караганда 2,2%га көп). Бул кырсыктардын айынан 38 бала көз жуумп, 981 бала жабыркаган.

Мас абалындагы айдоочулардын катышуусунда болгон жол кырсыктардын саны азайган — 153. Ал былтыркы жылдын 6 айына караганда 17%га аз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

287