7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда жасалган паспорттор Түштүк Африкага экспорттоло баштады

297

Президенттин Иш башкармасына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт боюнча биринчи контракт буга чейин түзүлүп, даяр продукция ийгиликтүү жөнөтүлгөн. Намибия тарап чыгарылган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген.

Бүгүн, 10-июнда, Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи контрактты түзүү боюнча расмий жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле алар ушул жаатта гана токтоп калбастан, башка тармактарда дагы “Учкун” менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бул ири жетишкендик — Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана саясий эрки менен мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү өнүгүп, өлкөнүн полиграфиялык тармагы эл аралык деңгээлге чыгып жаткандыгынын ачык далили.

Белгилей кетсек, мурда Кыргызстан өзүнүн биометрикалык паспортторун чет өлкөлөрдө — башка мамлекеттердин заводдорунда чыгартып келген. Бүгүнкү күндө болсо, тескерисинче, Кыргызстан өзүндө өндүрүлгөн жогорку сапаттагы документтерди чет мамлекеттерге экспорттоп, атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөгө айланып баратат.

298