Президент Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылган жигит Кыргызстанга келе жатат.
Буга чейин Ноокат районунун тургуну 1995-жылы туулган Кадыров Сабиржан Сеипжанович Казакстанда иштеп, документи жок Кыргызстанга келе албай кыйналып жатканын билдирип президент Садыр Жапаровго кайрылган.
Ал колунда эч кандай документи жок, Кыргызстанга келе албай жүргөндүгүн айткан. 2002-жылы ата-энеси ажырашып Казакстанга таштап кеткендиги айтылат.
Анын кайрылуусунда «Президент Садыр Жапаров суранам мага жардам бериңизчи.Мен Кыргызстанга баргым келет, жашагым келет. Армияга барып Кыргызстан үчүн салымымды кошкум келет бирок, менде андай мүмкүнчүлүк болбой жатат. Алматыда цехте бирөөнүн колунда иштеймин. Мен кыйналып кеттим»,- деген.
Андан соң, ал жигит президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирип, «Сизге рахмаат Аллах ыраазы болсун, менин кайрылуумду жерге таштабадыңыз»,-деп кайрылуу жасап, баары жакшы экенин айткан.