УКМК терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөн «Х.И.» аттуу чет өлкөнүн жараны кармалгандыгын кабарлайт.
«Х.И.» эл аралык терроризмдин чет элдик борборлорунун координациясы астында куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүү максатында калктын диний бөлүгү арасында активдүү үгүт иштерин кылып жүргөнү аныкталган.
Учуррла ал адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. УКМК Эл аралык террордук уюмга ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.