7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды кабарлагандарга акча берүү сунушталды

517

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жарандарга акча берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, мыйзам долбоорунда жол-транспорт бузуулары жасалган жерлерден фото, видео материалдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү аркылуу укук бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарды материалдык жактан сыйлоо сунушталат.

Айып пул төлөнгөн соң ал адамга (жеке жакка) сумманын 25%ы, юридикалык жактарга 50%ы төлөнөт. Бул үчүн атайын тиркеме иштелип чыгары айтылды.

518