Кыргызстандагы мектептерде СССРдегидей, Япониядагыдай классты жыйноо системасы кирет. Бул тууралуу билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, бул окуучуну өзүн-өзү тейлөөгө, бирөөнүн эмгегин баалоого жана турмуштук көндүмдөрдү калыптандырууга жардам берет. Бул система төмөнкү класстан жогорку класска чейин киргизилет.
“Урматтуу ата-энелер, баламдын укугу бузулуп жатат деп кыйкырып чыга калбагыла. Бирөөнүн короосун, үйүн барып жыйнабайт. Ал өзү окуган жерди, классты жыйнайт. Бул үчүн биз көп өлкөлөрдүн тажрыйбасын көрдүк. Мисалы, Японияда балдар керек болсо туалетти тазалашат экен”, — деди ал.